КОШ ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 27-январы №21/47
Кош-Дөбө айыл аймактык жергиликтүү бюджеттин 2021-жылга карата аткарылышын бекитүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин экономика, финансы, бюджет, салык жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Усупбаева Назира жана Кош-Дөбө айыл аймагынын финансы бөлүмүнүн башчысы Капаров Сабатардын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши токтом кылат:
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2021-жылга карата отчету боюнча киреше бөлүгү 7923,7 миң сом, чыгаша бөлүгү 7776,9 миң сомго бекитилсин.
Төрага | Б. Казиев |
|