Редакцияот 27.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОШ ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 27-январы №21/49

Кош-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин 2023-жылга карата бекитүү жана 2024-2025-жылдарга киреше бөлүгүнүн болжолдорун бекитүү жөнүндө

 

Депутаттардын айыл аймактык Кеңешинин экономика, финансы, бюджет, салык жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Усупбаева Назира жана Кош-Дөбө айыл аймагынын Финансы бөлүмүнүн башчысы Капаров Сабатардын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кош-Дөбө айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү бюджети жөнүндөгү мыйзамдарына негизденип, Каржы министрлиги берген долбоорду, Кенештин туруктуу комиссиясы берген маалыматтарды эске алып, 2023-жылга карата жергиликтүү бюджет төмөндөгүдөй бекитилсин: 2023-жылдын киреше бөлүгү 12932,1 миң сомго, мунун ичинен жергиликтүү салыктар жана жыйымдар 5113,1 мин сомго, теңдештирилүүчү грант 7819,0 сомго бекитилсин. 

 

 2. 2023-жылга жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү:

-аппаратка                    -     7338,2 миң сом

      -маданиятка                  -    2619,8 миң сом

      -агартууга                     -     646,0 миң сом

      -бала бакчага                -     1479,1  миң сом

      -жайыт комитети         -      849,0 миң сом

             Баары:                      12932,1 миң сом.

 

3.  2023-жыл учун айыл аймагынын жылдык бюджетинин киреше бөлүгү 12932,1 миң сомго, чыгаша бөлүгү 12932,1 миң сомго бекитилсин.

 

4. 2024-2025-жылдарга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн болжолдуу прогнозу төмөдөгүдөй бекитилсин:

 

2024-жылга:

        - жергиликтүү салыктар жана жыйымдар          5763,8 миң сомго;

        - тендештирилүүчү гранттар                                7819,0 миң сомго;

                              Баары                                                            13582,8 миң сомго;

                                    Чыгаша бөлүгү                               13582,8 миң сомго;

      2025 -жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү:

        - жергиликтүү салыктар жана жыйымдар          6175,5 миң сомго;

         - тендештирилүүчү гранттар                               7819,0 миң сомго;

                             Баары                                                13994,5 миң сомго;

                             Чыгаша бөлүгү                               13994,5 миң сомго;

 

5.Айыл аймагынын Кара-Күңгөй айылындагы “Аруузат” бала бакчанын имараты жок болгондуктан жана ал менчик үйдү ижарага алып иштеп жаткандыктан, балдар толук кандуу бала бакчага тартылбагандыгына байланыштуу, 2023-жылы 3 сааттык бала бакча ачуу максатында эски ФАПтын имаратына кезектүү оңдоп-түзөө иштерине 500,0 мин сом акча каражаты жетишсиз болуп жаткандыгы эске алынып, кошумча каражат катары бөлүп берүү жагы райондук каржы башкармалыгынан суралсын.

 

6. Кош-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бекитилген бюджетинин ар бир статьясы мыйзамдын негизинде туура чыгымдалышына көзөмөлдүк кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Талантбек уулу Талгарга  жана отчет берип туруу жагы бөлүм башчы С.Капаровго милдеттендирилсин.

 

7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы, бюджет, салык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.                                                                                                                                                               

 

Төрага

Б. Казиев