Редакцияот 27.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОШ ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 27-январы №21/51

Кош-Дөбө айыл аймагын 2023-2026-жылдары социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн “Жол картасын” бекитүү  жөнүндө

 

 Кош-Дөбө айыл аймагын 2023-2026-жылдары социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн  “Жол картасын” бекитип берүү жөнүндө Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши токтом кылат:

 

1.    Кош-Дөбө айыл аймагын 2023-2026-жылдары социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн  “Жол картасы” бекитилсин.

 

2. Кара-Саз, Кара-Күңгөй айылдарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн ички жана тышкы мүмкүнчүлүктөрүн так аныктап, реалдуу натыйжаларга жетишүү жагын камсыз кылуу Кош-Дөбө айыл аймагынын башчысы Т.Талантбек уулуна милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кош-Дөбө айыл аймагынын башчысы Т.Талантбек уулуна тапшырылсын.

 

Төрага

Б. Казиев