Загрузка документа…
КОШ ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 27-январы №21/52
«Тиричилик таштандыларын жыйноону, ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу» боюнча жергиликтүү маанидеги маселени чечүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгына ылайык, Кош-Дөбө айыл аймагында таштанды калдыктарын чогултуу, ташуу, зыянсыздандыруу, кайра иштетүү жана көмүү боюнча натыйжалуу системаны түзүү, калктын ден-соолугуна жана айлана-чөрөгө алардын зыяндуу таасирин алдын алуу жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Талантбек уулунун маалыматын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши токтом кылат:
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү маанидеги «Тиричилик таштандыларын жыйноону, ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу» маселесин чечүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн, функциялардын жана милдеттердин тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бекитилген функцияларды аткаруу, тейлөөнү уюштуруу жана милдеттерди аткарууну камсыз кылуу жагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Талантбек уулуна тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы, бюджет, салык жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Казиев |
|