Загрузка документа…
КОШ ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 27-январы №21/53
Айыл аймагында бирдиктүү тариф кабыл алуу жөнүндө
Жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртуу максатында район аймагында бирдиктүү тариф кабыл алуу боюнча Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын 14.12.2022-жылдагы №01-9/2105 катынына ылайык жана Кош-Дөбө айыл аймагынын жалпы тургундарынын 26.01.2023-жылдагы №1 токтомун бекитүү максатында Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши токтом кылат:
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын 26.01.2023-жылы өткөрүлгөн элдик жыйындын №1 токтому бекитилсин.
2. Кош-Дөбө айыл аймагында жайыт акы бодо малдын башына (уй, жылкыга) 100 (бир жүз) сом, топозго 250 (эки жүз элүү) сом жана кой-эчкиге 20 (жыйырма) сомдон бекитилсин.
3. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетинин киреше бөлүгүн толук аткаруу жана чыгымдоолорду мыйзамга ылайык максаттуу жүргүзүү жагы ЖПБ төргасына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мандат, депутаттык иш, этика жана коомдук тартипти сактоо, агрардык жер реформасы, жайыттарды пайдалануу жана КБФтин жери маселелери боюнча туруктуу комиссияга жана Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Талантбек уулуна жүктөлсүн.
Төрага | Б. Казиев |
|