Загрузка документа…
КОШ ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 27-январы №21/55
Айыл аймагында кызмат көрсөткөн коомдук бирикмелердин тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл аймагында таштанды чыгарууну уюштуруу, ирригация жана ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын жакшыртуу максатында алынуучу төлөмдөрдү жыйноонун, башкаруунун жана бөлүштүрүүнүн бирдиктүү системасын жана коомдук бирикмелердин кызмат тарифтерин жөнгө салуу максатында жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34- жана 39-беренелеринин негизинде Депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши токтом кылат:
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын “Кара-Күңгөй Үкөк суу” СПАсынын сугат суу менен камсыз кылуу акысынын тарифи 1 га жер аянтына 250 сом деп бекитилсин.
2. Кош-Дөбө айыл аймагынын “Түз-булак Чоң-суу” жана “Үкөк суу” ИСКАКБларынын таза суу менен камсыз кылуу акысынын тарифи 1 жанга 20 сом деп бекитилсин.
3. Кош-Дөбө айыл аймагынын Кара-Саз, Кара-Күңгөй айылдарынан катуу калдыктагы таштандыларды чыгаруу акысынын тарифи 1 түтүнгө 100 сом деп бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Талантбек уулуна, көзөмөлгө алуу жагы Мандат, депутаттык иш, этика жана коомдук тартипти сактоо, агрардык жер реформасы, жайыттарды пайдалануу жана КБФтин жери маселелери боюнча туруктуу комиссияга жана жүктөлсүн.
Төрага | Б. Казиев |
|