Загрузка документа…
КОШ ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 4-апрели №21/56
Жазгы талаачылык жумуштарына карата айдап-себүүдө техникалардын кызмат көрсөтүүлөрүн жана жайлоого көчүп-конуунун мөөнөтү жана чабандар менен элдин ортосундагы мал багуу акысын бекитүү жөнүндө
Айыл аймагынын башчысы Т.Талантбек уулунун маалыматын угуп жана талкуулап, жазгы талаачылык жумуштарына карата айдап-себүүдө техникалардын кызмат көрсөтүүлөрүн жана жайлоого көчүп-конуунун мөөнөтү жана чабандар менен элдин ортосундагы мал багуу акысын бекитүү жөнүндө элдик жыйындын 31.03.2023-жылдагы №4 протоколунун негизинде Кош-Дөбө айыл аймактык кеңеши токтом кылат:
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын 31.03.2023-жылы өткөрүлгөн элдик жыйындын №4 протоколу бекитилсин.
1) Техникалардын кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы төмөндөгүдөй белгиленсин:
Кош айдоо - 1800 сом 20 литр май
Себүү (2 жолу) - 800 сом 15 литр май
Планировка - 500 сом 10 литр май
Тырмоо - 500 сом 10 литр май
Арык тартуу - өз ара макулдашуу менен
Жатка - 1400 сом 10 литр май
Косылка - 900 сом 10 литр май
Картошка чийүү - 500 сом 10 литр май
Культивация- - 500 сом 10 литр май
Картошка казуу - келишим баада
Дан комбайн - 2000 сом 25 литр май
Чөп престөө - 1400 сом 10 литр май
Жайлоого көчүп-конуунун графиктери жана алынуучу акылар төмөндөгүдөй белгиленсин:
Жаздоого айыл ичиндегилер 15-апрелден кечикпей.
Жаздоодон алыскы жайлоого чыгуу 15- май менен
Кайра күздүккө түшүү 5-сентябрь менен
Айыл ичине көчүп келүү 5-октябрь менен
Малдан алынуучу ЖПБнин акылары: ар бир башка
Уйга-100
Койго-20 сом
Жылкыга -100 сом
Топоз -250 сом
Мал алып чыккан чабандардын мал башына алынуучу акылары:
Кой-эчкиге - 70 сом
Уйга - 450 сом
Жылкы, тайга - 450 сом
2. Корукка кирген ар бир малдын башына бодого 300 сомдон айып пул салынсын.
4. Айыл аймагында 2023-жылга карата айдап-себүүдө техникалардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасын жана жайлоого көчүп-конуунун мөөнөтү, чабандар менен элдин ортосундагы мал багуу акысын элдик жыйындын 31.03.2023-жылдагы №4 токтомунун негизинде жүргүзүү жагы тийиштүү жетекчилерге милдеттендирилсин.
Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы У.Боронбаевге жана айыл башчы К.Асанбековго тапшырылсын.
Төрага | Б. Казиев |
|