Редакцияот 28.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 28-июлу №29

Акман айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 6 ай аралыгында аткарылган иштеринин отчётун бекитүү жөнүндө

Акман айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 6 айынын ичинде аткарылган иштери боюнча Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовдун берген маалыматын  угуп жана талкуулап Акман айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Акман айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 6 ай аралыгында   аткарган иштеринин отчёту канааттандырарлык деп табылсын.

 

2.  Токтомду Акман  айылдык кеңешинин www.akman.kg, веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад облустук Юстиция башкармалыгына каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчы К.Таалайбек кызына милдеттендирилсин.

 

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Айдарбек уулуна милдеттендирилсин.

 

Акман айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А. Тилекеев