АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 28-июлу №30
Таш-Булак айылынын З.Мураталиев мектебинин эски имаратын бузууга уруксат берүү жөнүндө
Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовдун 27.07.2023-жылдагы 01-31/221 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап Акман айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагынын Таш-Булак участкасындагы З.Мураталиев негизги мектебине жаңы имарат курулуп жаткандыктан 1984-жылы курулган 128кв.м эски имаратын бузууга макулдук берилсин.
2. Эски имараттан чыккан курулуш материалдарын мыйзамдуу жана максаттуу пайдалануу жагын эсептөө жана баалоо депутаттык комиссия тарабынан жүргүзүлсүн.
3. Токтомду аткаруу жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовго жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М.Эсенбаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин агрардык саясат, кызмат көрсөтүүлөр, экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Токтом Акман айылдык кеңешинин www.akman.kg, веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Акман айылдык кеңешинин төрагасы: |
А. Тилекеев |