Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 28-июлу №31
Акман айыл аймагынын типтүү уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жыл 12-декабрь №279 сандуу Кыргыз республикасынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставын бекитүү жөнүндөгү буйругун ишке ашыруу максатында Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовдун 27.07.2023-жыл №01-32/222 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап Акман айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жыл 12-декабрь №279 сандуу Кыргыз республикасынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставын бекитүү жөнүндөгү буйругу ишке ашырылсын жана Акман айыл өкмөтүнүн типтүү уставы бекитилсин
2. Токтомдун аткарылышын Акман айыл өкмөтүнун башчысы М.Коконовго милдеттендирилсин.
3. Токтомду Акман айылдык кеңешинин www.akman.kg, веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад облустук Юстиция башкармалыгына каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчы К.Таалайбек кызына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Айдарбек уулуна милдеттендирилсин.
Акман айылдык кеңешинин төрагасы: |
А. Тилекеев |