Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 28-июлу №38
Тарыхый-маданий мурас катары табылган жерлерди коргоого алуу жөнүндө
Акман айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 27-июлундагы №01-32/220 сандуу кайрылуусун канааттандыруу максатында Акман айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги ХXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл өкмөтүнүн Кайрыма айылындагы №377 контурда жайгашкан 11-участка 0,08га. №379 контурда жайгашкан Шиш-Дөбө 0,12га. Колот айылынын Дөң маала участкасындагы №413 контурда жайгашкан Бала-Бейит0,18га, аталган жер аянттарына археологиялык изилдөө жургүзүү убагында тарыхый-маданий мурастар табылгандыгына негиз “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнундө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, жогоруда аталган жер аянттарына карьер, көрүстөн, таштанды жай катары пайдаланууга, жерди которууга(трансформациялоого) же, чарбалык (казуу, бак-дарак отургузуу, эгин эгүү), курулуш, сарай, жол, чакан ГЭС куруу, калктуу конуш түзүү, жер мунапысын жана башка жумуштарын жүргүүгө жол берилбегендиктен Акман айыл өкөтүнун тарыхый-маданий мурас обьекттер катары белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү мыйзамдуулук мыйзамдуулук укук тартиби комуникациялар жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Айдарбек уулуна милдеттендирилсин.
4. Токтом Акман айылдык кеңешинин www.akman.kg, веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Акман айылдык кеңешинин төрагасы: |
А. Тилекеев |