Редакцияот 28.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 28-июлу №39

Акман айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндө

     Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовдун 2023-жылдын 27-июлундагы №01-31/221 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  “Ашар Эл-курулуш” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Насиров Абылкасым Апсаламович Акман айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан чоң инвестициялык салым көрсөткөндүгү үчүн  “Акман айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

 

2. “Ардактуу атуулу” наамынын төш белгисин жана лентасын даярдоо жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовго милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык саясат жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

4. Токтом Акман айылдык кеңешинин www.akman.kg, веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Акман айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А. Тилекеев