РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXV СЕССИЯСЫ (VI чакырылышы)
2023-жылдын 28-сентябры №3
Раззаков шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-январындагы №4 жана 09-июнундагы №5 токтомдоруна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Раззаков шаарынын мэриясынын Раззаков шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-январындагы №4 жана 09-июнундагы №5 токтомдоруна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Раззаков шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-январындагы №4 токтомунун 2-пунктунда көрсөтүлгөн жалпы 849,84 га жер тилкесинен №906 контурундагы 38,90 га жер аянты алынып салынсын жана Раззаков шаарына караштуу Кара-Таш, Беш-Бала участкаларын Самат аймактык өзүн-өзү башкаруу комитетине кошууга макулдук берүү жөнүндөгү токтомунун 1-пунктуна Кара-Таш, Беш-Бала участкалары деген сөздүн ордуна, Кара-Таш, Чомо Ак Сакал, Имам Азам, Исабек көчөлөрү деп өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин.
2. Тийешелүү иш-кагаздарын Кыргыз Республикасынын нормативдик-укутук актыларына ылайык жүргүзүү жагы Раззаков шаарынын мэри Ч.А. Рысовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом шаардык кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт жана депутаттык этика, коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Т. Сапаев |