Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXV СЕССИЯСЫ (VI чакырылышы)
2023-жылдын 28-сентябры №2
Раззаков шаарынын ички маршруттук каттамдарынын жол кире акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Раззаков шаарынын мэриясынын Раззаков шаарынын ички маршруттук каттамдарынын жол кире акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раззаков шаарынын ички маршруттук каттамдарынын жол кире акысы 1-4-классынын мектеп окуучулары үчүн акысыз, 5-11-классынын мектеп окуучулары үчүн 10(он) сом, чондор үчүн 20(жыйырма) сом өлчөмүндө бекитилсин жана окуу мезгилинде маршруттук каттамдар саат 19 00 гө чейин жүргүзүлсүн
2. Тийешелүү иш-кагаздарын Кыргыз Республикасынын нормативдик-укутук актыларына ылайык жүргүзүү жана көзөмөлдөө жагы Раззаков шаарынын мэри Ч.А. Рысовго жана “Жибек-Жолу” акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы К.Маликовго милдеттендирилсин.
3. Исфана шаардык кеңешинин 2020-жылдын 28-февралындагы “Исфана шаар аймагындагы мектеп окуучулары учун маршруттук каттамдарынын убактысын жана жол кире акысынын тарифин бекитүү жөнүндө” №3 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык кеңешинин жана мэриясынын www.isfanacity.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Т. Сапаев |