РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXV СЕССИЯСЫ (VI чакырылышы)
2023-жылдын 28-сентябры №6
Тогуз Булак айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу Ынтымак (Откорм база) участкасын Раззаков шаарынын аймагына кошууга макулдук берүү жөнүндө
Раззаков шаарынын мэриясынын Тогуз Булак айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу Ынтымак (Откорм база) участкасын Раззаков шаарынын аймагына кошууга макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшун өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” №350-Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз Булак айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу Ынтымак (Откорм база) участкасын Раззаков шаарынын аймагына кошууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларына ылайык жүргүзүү жагы Раззаков шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
3. Ушул токтом шаардык кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Т. Сапаев |