КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 26-июлу № 27/89
“Данек” ОТК мекемесинин айланасындагы жерлерди ижарага берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине, шаардык кеңештин Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023–жылдын 12-июлундагы № 36-протоколуна негиз, “Данек” ОТК мекемесинин директору У.Махмудбек уулунун 2023–жылдын 05-июнундагы №81 сандуу катын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментине караштуу Привокзальная-99 дарегинде жайгашкан имаратты убактылуу пайдаланууга алган “Данек” ОТК мекемесине, мекеменин айланасында жайгашкан жерлерди ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомго ылайык тийиштүү иш кагаздарын даярдоо Муниципалдык менчик департаментине (И.Салиев) жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Калматов |