Редакцияот 26.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 26-июлу № 27/91

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Кызыл-Кыя шаардык башкармалыгынын 2022 – жылда жана 2023-жылдын 1-кварталында аткарган иштери жөнүндө

 Күн тартибиндеги маселени талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине, шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023–жылдын 30-майындагы №14 протоколуна негиз, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Кызыл-Кыя шаардык башкармалыгынын 2022 – жылда жана 2023-жылдын 1-кварталында аткарган иштери жөнүндө башкармалыктын башчысы З.Надировдун маалыматы эске алынсын.

 

2.  Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Кызыл-Кыя шаардык башкармалыгынын башчысы З.Надировго милдеттендирилсин:

 

-    калкты тейлөөдө сапаттуу кызмат көрсөтүүнү башкармалыктын кызматкерлеринен талап кылуу;

-    камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү өз убагында каттоого алуу;

-    шаар калкынын пенсия курагындагы жарандарын категориялары боюнча так аныктоо жана аларга пенсияларды өз убагында чегерүүнү жүргүзүү;

-    жарандарга пенсия чегерүүнүн жол-жоболору жана МПТФ (мамлекеттик пенсиялык топтомо фонду) жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

-    пенсияга кошулган жогорулатууларды, кайра эсептөөлөрдү өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү.

 

3.   Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Ж.Калматов