Редакцияот 26.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 26-июлу № 27/93

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментине штаттык бирдик бөлүп берүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине жана шаардык кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2023–жылдын 21-июнундагы №49 протоколуна негиз жана Муниципалдык менчик департаментинин 2023–жылдын 20-июнундагы     №02–6/1166 кайрылуу катын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  2023-жылдын 01-августунан тартып Кызыл-Кыя шаарынын Восток 2 жаңы конушунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн курулуп жаткан турак үйлөргө 2 (эки) штаттык бирдик (кароолчу) жана Кызыл-Кыя шаарында жаңы курулган “Машзавод” комплексине 2 (эки) штаттык бирдик (кароолчу), 1(бир) айдоочу-экскаваторщик штаттык бирдик, жалпысынан 5 штаттык бирдик Муниципалдык менчик департаментине бөлүнүп берилсин.

 

2.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Ж.Калматов