Редакцияот 26.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2023-жылдын 26-июлу № 27/96

Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы автотранспортту парковкалоо үчүн жыйымдын тарифин көтөрүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №4 “Кыргыз Републикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамына, шаардык кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2023–жылдын 5-июлундагы №51-протоколуна негиз, Муниципалдык менчик департаментинин 2023–жылдын 23-июнундагы №02-6/1183 сандуу катын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.  Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2009-жылдын 26-декабрындагы №11/65 “Кызыл-Кыя шаарынын аймагында автотранспортту парковкалоо үчүн жыйымдын ставкасын белгилөө жөнүндө” токтомунун 1-пунктуна өзгөртүү киргизилип, төмөндөгүдөй окулсун: “Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы автотранспортту парковкалоо үчүн жыйымдын тарифи 20 (жыйырма) сом өлчөмүндө белгиленсин”.

 

2.  Кызыл-Кыя шаарынын аймагында автотранспортту парковкалоо үчүн конкурс өткөрүп, жеңүүчүлөр менен келишимдерди түзүү, жыйымды өз убагында чогултуу Муниципалдык менчик департаментине (И.Салиев) жүктөлсүн.

 

3.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Ж.Калматов