КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2023-жылдын 27-марты №18
Жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү А.Дилишатовтун билдирүүсүн эске алып, талкуулап жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 21.02.2023-жылдагы №12т токтому менен Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Көк-Дөбө жерлигине өнөр жай жана кызмат көрсөтүү ишканаларын куруу максатында “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулган №589, №599-контурлардагы 1,5 га башка жерлер(прочий), №586, №600, №601, №603, №604-контурларындагы 68,5 га таштуу жер, жалпы 70,0 га жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы |
Ж.Шадиманова |