Редакцияот 21.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

айылдык кеңештин ХХVIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы

2023-жылдын 21-июлу № 136

кошумча төлөөгө акча каражаттарды бөлүү жөнүндө

 Айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековдун АРИСке тапшырылган “ПСИ-3 алкагындагы кошумча каржылоо (COVID-19 га каршы аракеттенүү боюнча)” долбоорун ишке ашыруу алкагында жалпы суммасы - 8112,8 миң сом, кош каржылоонун өлчөмү - 2350,0 миң сомду түзгөн № 1, № 4 ЖОББМ ички даарат каналарын капиталдык оңдо” долбоорун ишке ашыруу боюнча кош каржылоого акча каражат бөлүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Биринчи май айылдык кеңешинин сессиясы,-

 

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

 

 

1. ФЭБ башчысы Л.З. Молдалиева "№ 1 орто мектебинин, № 4 орто мектебинин ички санитардык түйүндөрүн капиталдык оңдоодон өткөрүү" долбоору боюнча кошумча төлөөгө 2350,0 миң сом суммасында акча каражатын бөлүү каралсын.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Ж. Алыбековго жүктөлсүн.

 

Биринчи Майдын айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Н.И. Акматалиев