Редакцияот 21.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

айылдык кеңештин ХХVIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы

2023-жылдын 21-июлу № 146

социалдык коргоо боюнча адистин 2023-жылдын 2-кварталында аткарылган иштер жөнүндө

 Биринчи май айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо адисинин 2023-жылдын 2-кварталында аткарылган иштер боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Биринчи май айылдык кеңешинин сессиясы, -

 

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

 

1. Биринчи май айыл аймагында балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу жаатындагы аткарылган иштер боюнча Кыргыз Республикасынын «Балдар жөнүндө» кодексинин 20-б. маалымат эске алынсын.

 

2. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө Биринчи май айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж. Алыбековго жүктѳлсүн.

 

Биринчи май айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Н.И. Акматалиев