БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
айылдык кеңештин ХХVIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
2023-жылдын 21-июлу № 147
Биринчи Май айыл аймагынын Ак-Суу айылы ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомчулук менен байланыштар, жаштар иштери, спорт, маданият, социалдык маселелер жана депутаттык этика боюнча комиссиянын 2022-жылдын 30-сентябрындагы № 1 корутундусун угуп жана талкуулап жана “Биринчи Май айыл аймагынын Ак-Суу айылынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө жобону, 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, , Биринчи май айылдык кеңешинин сессиясы, -
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. «Биринчи май айыл аймагынын Ак-Суу айылынын ардактуу атуулу» наамы берилсин:
- Гапоненко Галина Валентиновнага, кирешелер боюнча башкы адис;
2. Ардактуу атуулдарга күбөлүк жана төш белги (макулдашуу боюнча) даярдоо жана тапшыруу;
3. Биринчи май айыл аймагынын Ардактуу атуулдарынын ысымы “Биринчи май айыл аймагынын Ак-Суу айылынын Ардактуу атуулдары” китебине жазылсын;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Биринчи май айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековго жүктөлсүн.
Биринчи май айылдык кеңештин төрагасы |
Н.И. Акматалиев |