Загрузка документа…
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
айылдык кеңештин ХХVIII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2023-жылдын 11-августу № 153
айыл аймагында жайгашкан скважиналарды (ичүүчү жана сугаруу) айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жөнүндө
Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Ж. Алыбековдун айыл аймагында жайгашкан скважиналарды (ичүүчү жана сугат) айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Биринчи май айылдык кеңешинин сессиясы,-
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Айыл аймагында жайгашкан скважиналарды (ичүүчү жана сугат) Биринчи май айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Биринчи май айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Ж. Алыбековго жүктөлсүн.
Биринчи май айылдык кеңешинин төрагасы |
Н.И. Акматалиев |