Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
2023-жылдын 9-марты № 18
Жергиликтүү жамааттардын уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 30.01.2023-жылдагы №01-13/18сандуу катын жетекчилике алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамынын 21-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Булак айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставынын айрым жоболорун турмушка ашыруу боюнча усулдук көрсөтмөлөр № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
3. Кабыл алынган Жергиликтүү жамааттын уставынын негизинде айыл аймакта иш алып баруу жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | К.Ж.Шакиров |