Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шарк айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIVсессиясы
2023-жылдын 27-январы № 1
Шарк айыл аймагынын Ташлак айылындагы №420 контурдагы 0,30 га жер аянтын Кара-Суу райондук прокуратурасынын пайдалануусуна өткөрүп берүү жөнүндө
Кара-Суу районунун прокуратурасынын 26.12.2022-жылдагы №1-44-3436-22 сандуу катында көрсөтүлгөн Кара-Суу райондук прокуратурасынын кызматкерлерин турак-жай менен камсыз кылуу жана Шарк айыл аймагынын №420 контурундагы калктуу конуштан турак-жай куруу үчүн жер участогун ажыратып берүү сунушун аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн июнь 2006-жылдагы токтомун жетекчиликке алып, Шарк айылдык кеңеши
Токтом кылат
1. Шарк айыл өкмөтү Ташлак айылынан №420 контурунан кызматтык турак үй куруу үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга Кара-Суу районунун прокуратурасына 0,30 га жер аянты ажыратылып берилсин;
2. Мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн “Кадастр” мекемесинин Кара-Суу райондук филиалынан суралсын;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Шарк айылдык кеңешинин «Жер, турак–жай жана коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына» тапшырылсын.
Шарк айылдык кеңешинин төрагасы | С.Абзалов |