Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кенешинин 7- чакырылышынын кезектеги 22 - сессиясы
2023-жылдын 25-июлундагы № 22-2
Борбаш айылындагы К.Акматов атындагы “Борбаш” орто мектебиндеги эскилиги жеткен чатырды (навес) бузууга уруксат берүү жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.Минбаевдин 2023-жылдын 17-июлундагы №255 сандуу катына жана К.Акматов атындагы “Борбаш” орто мектебинин профсоюз уюмунун протоколуна негиз, Борбаш айылындагы К.Акматов атындагы “Борбаш” орто мектебиндеги эскилиги жеткен чатырды бузууга уруксат берүү үчүн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына негиз, Көк-Жар айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.Минбаевдин 2023-жылдын 17-июлундагы №255 сандуу катына жана К.Акматов атындагы “Борбаш” орто мектебинин профсоюз уюмунун протоколуна негиз, Борбаш айылындагы К.Акматов атындагы “Борбаш” орто мектебиндеги эскилиги жеткен чатырды бузууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Борбаш айылынын айыл башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, саламаттык сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.Арапов |