Загрузка документа…
ТӨӨ-МОЮН
АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тѳѳ-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 27- сессиясы
2023-жылдын 03-октябрындагы № 27-5
Трансформатор орнотуу үчүн жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө
Төө-Моюн айылдык аймагынын Ак-Шар айылынын Ынтымак конушунун тургундарын жана №46 Кызыл-Талаа негизги мектеби мекемесин электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн жаңы трансформатор орнотуу үчүн 16 чарчы метр жер аянтын Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 51-беренесине ылайык Төө-Моюн айылдык аймагынын Төө-Моюн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тѳѳ-Моюн айылдык аймагынын Ак-Шар айылынын Ынтымак конушунун жашоочуларын жана №46 Кызыл-Талаа негизги мектеби мекемесин электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында трансформатор орнотуу үчүн 16 (он алты) чарчы метр жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүров жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин ажыратып берүүнү Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамына негиз иш жүргүзсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кеңештин айыл чарбасы, муниципалдык менчик, аймакты абат кылуу жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Д.Галбаевге) жүктөлсүн.
Төө-Моюн айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Осмоналиев |