ТӨӨ-МОЮН
АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тѳѳ-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 27-сессиясы
2023-жылдын 03-октябрындагы № 27-4
«Тѳѳ-Моюн айылдык аймагынын Керкидан айылынын Эсенбай конушундагы мектептин жерин которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө»
Тѳѳ-Моюн айылдык Кеңешинин депутаттары Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Осмоновдун жана Керкидан айылынын айыл башчысы М.Эгембердиевдин, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын “Кыргызмамжердолбоорлоо” Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын каты менен таанышып чыгып жана талкуулап которууга (трансформациялоого) макулдук берүү максатында Төө-Моюн айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тѳѳ-Моюн айылдык аймагына караштуу Керкидан айылынын Эсенбай конушундагы №908 контурундагы жалпы айдоо аянты 40,20 га жер аянтынын ичинен 1,12 га жер аянтын мектептин жери экендигине байланыштуу «сугат айдоо» категориясынан “социалдык объекттин жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин агрардык маселелер боюнча туруктуу камиссиясына жүктөлсүн.
Төө-Моюн айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Осмоналиев |