Загрузка документа…
ТӨӨ-МОЮН
АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тѳѳ-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 27- сессиясы
2023-жылдын 03-октябрындагы № 27-1
Төө-Моюн айыл аймагын социалдык-экономикалык жана маданий жактан өнүктүрүү боюнча 2023-жылдын 9 ай ичинде жүргүзүлгөн иштердин жалпы абалы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровдун отчёту
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларынын маалыматтарын, айыл өкмөтүнүн Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Ибрагимовдун жана Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровдун отчётун жана сөзгө чыккан депутаттардын сын-пикирлерин, сунуштарын угуп чыгып Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 3,10-абзацтарына, айылдык кеңештин Регламентине негиз милдеттерди жүзөгө ашырууга багытталып, мындан ары Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын башкарууга жамаат мүчөлөрүнүн катышуусун активдештирүү, жарандарга сапаттуу жана жеткиликтүү кызмат көрсөтүүгө кепилдик бере алган натыйжалуу муниципалдык башкарууну, ишенимге жана урматтоого ээ болгон, ачык айкын жергиликтүү бийликти калыптандыруу, айыл өкмөтүнүн түзүмүн оптималдаштыруу, муниципалдык кызматка кадрларды тандоодо алардын кесипкөйлүүлүгүнө, чынчылдыгына, демилгелүүлүгүнө өзгөчө басым жасоо талаптарын ишке ашыруу, ошондой эле айыл өкмөтүнүн компетенциясындагы маселелерди чечүүдө жергиликтүү деңгээлде укуктук ченемдик актылар менен камсыз кылуу максатында айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүровдун 2023-жылдын 9 ай ичинде социалдык-экономикалык, маданий жактан өнүктүрүүдө жүргүзүп жаткан иштери көңүлгө алынсын.
2. Айыл өкмөтү тарабынан кабыл алынган иш чараларын жана айылдык кеңештин токтомдорун аткарууну камсыздоодо, айыл өкмөтүнүн жалпы ишинин натыйжалуулугуна жетекчилик кылууда жүргүзүп жаткан уюштуруучулук иштери канааттандырарлык деп табылсын.
3. Айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүров:
-айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча белгиленген иш чаралардын аткарылышын камсыздоо;
-айыл өкмөтүндө эмгек жана аткаруу тартибин чыңдоо боюнча чараларды күчөтүү;
-айыл өкмөтүнүн бюджети, анын аткарылышы боюнча ачык – айкындуулукка жетишүү үчүн айыл өкмөтүнүн имаратына атайын маалымат бурчун уюштурууну камсыз кылуу;
-айыл өкмөтүнүн кадрлар резервин түзүү;
-аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү стратегиясын кайра карап чыгуу, толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- мамлекеттик фондунун жерлерин натыйжалуу пайдалануу боюнча келечектүү планды иштеп чыгуу, айылдык кенештин кароосуна киргизүү;
- муниципалдык менчиктин реестрин түзүү, муниципалдык менчикке менчик жана ижара укуктарын акы төлөө менен берүүнүн регламентин иштеп чыгуу, комиссиянын курамын түзүү жана айылдык кеңешке сунуштоо;
-турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын муктаждык деңгээлин аныктоо, аларга көмөк көрсөтүү максатында социалдык комиссия жөнүндө Жобо иштеп чыгуу, комиссиянын курамын айылдык кеңештин кароосуна киргизүү;
-айыл чарбасын жана ишкерликти өнүктүрүү, кошумча иш орундарын түзүү боюнча артыкчылыктуу багыттарды аныктоо, узак мөөнөттүү иш чараларды иштеп чыгуу;
-турак-жай куруу үчүн жер участокторуна муктаж үй-бүлөлөрдүн талаптарын канааттандыруу боюнча иштери жандандырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу боюнча айылдык кеңештин депутаттары өз шайлоо округдарында мыйзамда белгиленген укук, милдеттеринин чектеринде айыл өкмөтүнө уюштуруучулук жардамдарды беришсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төө-Моюн айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Осмоналиев |