Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 20-сессиясынын токтому
2023-жылдын 30-майындагы № 78
2023-жылдын биринчи кварталына Александровка айыл аймагындагы оор турмуштук абалда болгон балдар боюнча аткарылган иштер жөнүндө
Александровка айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси Эликбек кызы Токтобүбүнүн “2023-жылдын биринчи кварталына Александровка айыл аймагындагы оор турмуштук абалда болгон балдар боюнча аткарылган иштер жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө” Кодексинин 20-беренесине ылайык
Александровка айылдык кеңеши токтом кылат:
Александровка айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси Эликбек кызы Токтобүбүнүн “2023-жылдын биринчи кварталына Александровка айыл аймагындагы оор турмуштук абалда болгон балдар боюнча аткарылган иштер жөнүндө” маалыматы эске алынсын.
Төрайым | Давузова М.Ю. |