Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 20-сессиясынын токтому
2023-жылдын 30-майындагы № 77
Александровка айыл өкмөтүнүн 2024-2026-жылдарга жергиликтүү бюджетинин чыгаша жана киреше бөлүгүнүн долбоору жөнүндө
Александровка айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси М.И.Ягузанын маалыматын угуп чыгып.
Александровка айыл өкмөтүнүн 2024-2026-жылдарга жергиликтүү
бюджетинин чыгаша жана киреше бөлүгүнүн долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык:
Александровка айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Александровка айыл өкмөтүнүн 2024-2026-жылдарга жергиликтүү бюджетинин чыгаша жана киреше бөлүгүнүн долбоору төмөндөгүдөй болуп сунушталсын:
· 2024-жыл – 34258,4 миң сом;
· 2025-жыл – 37930 миң сом;
· 2026-жыл – 40690,6 миң сом;
2. Долбоор алгачкы вариантында Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигине сунушталсын.
3. Ушул Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Султаналиевке жүктөлсүн.
Төрайым | Давузова М.Ю. |