Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 26-январындагы № 5
Жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Каламбековтун билдирүүсүн эске алып, жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр участкасындагы калктуу конушта жайгашкан 28,0 га тамчылатып суугаруу жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы | Ж.Шадиманова |