Редакцияот 15.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 12-майы № 4/1

Орок айыл аймагына карашатуу Селекционное айылында №76 контурунда  жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлерине” мамлекеттик жер фондунун жерлерин, жалпы аянты 5,45 га, жер тилкесин “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” багытына  Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аскердик объектилерин куруу максатында которууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”мыйзамынын 34, 39 беренелеринин негизинде Орок айылдык кеңеши.

Токтом кылат:

1.  Орок айыл аймагына караштуу Селекционное айылында №76 контурунда  жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлерге” мамлекеттик жер фондунун жерлеринин, жалпы аянты 5,45 га, сугат айдоо жер тилкесин “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” багытына которууга  Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аскердик объектилерин курууга макулдук берилсин. 

 

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg  сайтына жарыялансын.

 

3. Тиешелүү иштерди жана юридикалык документтерин бүткөрүү жагы  Орок айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Адылбековго жүктөлсүн.

 

 

Орок айылдык

кеңешинин төрагасы

 

У. Бекболотов