Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-декабры № 51/XVIII-1
Кайыңды шаарынын башкы планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017 – жылынын 17 – августундагы № 490 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын 2018 – 2025 – жылдарга башкы пландарын иштеп чыгуу программасын ишке ашыруу максатында, Кайыңды шаарынын мэриясынын “Кайыңды шаарынын башкы планын бекитүү жөнүндө” катын карап чыгып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Кайыңды шаарынын башкы планы бекитилсин.
2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин агрардык, жер жана турак жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Э.Т. Иманкулов