Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-декабры № 53/XVIII-3
Кайыңды шаардык кеңешинин «Кайыӊды шаарынын Жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” 2018 – жылынын 10 – сентябрындагы № 70/ XXIV – 2 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2009-жылдын 20-февралындагы № 57 «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы № 59 Бюджеттик кодексине ылайык , Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыӊды шаарынын мэриясынын Жобосунун жаӊы редакциясы бекитилсин.
2. Кайыӊды шаарынын мэриясынын юристине – башкы адис Р.К.Райымбековго мыйзамга ылайык юстиция органдарынан Мамлекеттик каттодон кайра катталдырылышы жүктөлсүн.
3. Бул токтом көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын анык экендигин тастыктайт жана Мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик органдар жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылат.
4. 2018-жылдын 10 - сентябрындагы №70/XXIV – 2 Кайыӊды шаардык кеӊешинин токтому жараксыз деп табылсын.
5. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Э.Т. Иманкулов