КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2010-жылдын 17-июлу № 19-п
З.К.Тиленов жөнүндө
2010-жылдын 27-июнунда референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана 2010-жылдын 16-июлундагы № 41 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык:
Тиленов Закир Керимович Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара аскерлеринин командачысы болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |