Редакцияот 07.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чалма айылдык кеңешинин кезексиз он бешинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын

 

2023-жылдын 7-марты № 15/4

Чалма айыл аймагынын Тар дарыясынын боюндагы № 531 контурундагы аянты 25,72 га анын ичинен 6,12 га  (таштуу жайыт) , №528  контурундагы аянты  2,59 га анын ичинен 2,59 га (кум) ,контур №539 аянты 7,47 га анын ичинен 1,46 га (таза жайыт)  жалпы 10,17 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер”категориясынан чакан ГЭС куруу үчүн “Өнөр жана транспорт,байланыш коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоо)  макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  “Жер участокторун которуу  (трансформациялоо) жөнүндө”2013-жылдын 15-июлундагы  №145 жана 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтомдорунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү токтому менен бекитилген убактылуу жобонун талаптарына ылайык  Чалма айылдык Кеңеши

 

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

1.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  “Жер участокторун которуу  (трансформациялоо) жөнүндө”2013-жылдын 15-июлундагы  №145 жана 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтомдорунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү токтому менен бекитилген убактылуу жобонун талаптарына ылайык   Чалма айыл өкмөтүнүн аймагында ишке ашырылсын.

 

2. Чалма айыл аймагынын Тар дарыясынын боюндагы № 531 контурундагы аянты 25,72 га анын ичинен 6,12 га  (таштуу жайыт) , №528  контурундагы аянты  2,59 га анын ичинен 2,59 га (кум) ,контур №539 аянты 7,47 га анын ичинен 1,46 га (таза жайыт)  жалпы 10,17 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер”категориясынан чакан ГЭС куруу үчүн “Өнөр жана транспорт,байланыш коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоо)  макулдук берет

 

3.Тиешелүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы Чалма  айыл өкмөтүнүн башчысы З.Оморовго тапшырылсын2.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы  Чалма айылдык кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

 

Чалма айылдык  Кеңешинин төрагасы:                                                                                                                                                                                                                                       А.Кадыркулов