Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык кеңешинин (VII-шайланган) депутаттарынын кезексиз сессиясы
2022-жылдын 24-ноябры № 41
Савай айыл өкмөтүнүн 2022-жылга социалдык экономикалык өнүгүү планын жана 2022-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндөгү 21.01.2022-жылдагы № 14-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Савай айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү жана айыл өкмөтүнүн штаттык бирдиги боюнча билдирүүсүн талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 18-беренесинин негизинде Савай айылдык округунун кеңешинин VII-чакырылышынын депутаттарынын кезектеги V–сессиясында кабыл алынган 21.01.2022-жылдагы №14-токтомуну карап чыгып Савай айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022-жылдын 21-январындагы № 14-токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
2. 70421 бөлүмүнүн 2215 беренесине бөлүнгөн 700,0 миң сомдон 210,0 сомуна өзгөртүү киргизилсин, төмөнкү беренелерге берилсин 70111 бөлүмүнүн 2215 беренесине 100,0 миң сом, 70921 бөлүмүнүн 3111 беренесине 10,0 миң сом, 70629 бөлүмүнүн 2215 беренесине 100,0 миң сом.
3. Мыйзам чегинде иш алып баруу ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Савай айылдык округунун кеңешинин экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Абдумалик уулу |