КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кууганды айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 17-сессиясынын
2023-жылдын 15-февралындагы № 8
“Жайыт комитетинин 2022-жылга аткарылган иштери жана 2023-жылга бюджетин бекитүү жѳнүндѳ”
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин 2022-жылы аткарылган иштери “канааттандыралык” деп табылсын.
2. Жайыт комитетинин 2023-жылга бюджети бекитилсин.
3. Каракол жайлоосуна баргандар үчүн, 1-апрелден 1-июнга чейин Акташтын көпүрөсүнөн тескейге өткөн көпүрөнүн бети бүтөлсүн, ачылбасын. Мал тескейге өтпөсүн. 1-июндан баштап тескей тарап ачылсын.
4. 1.Жайыт комитетинин бюджетинен былтыркы жылдан калган 53 000 сом жана быйылкы жылдын бюджетинин эсебинен Сары-Булак,Чоӊ-Өр,Тегерек жана Кууганды ѳзѳндѳрүнѳ баруучу жолдор оңдотулсун.
2.Жайыт тѳлѳмдѳрүн чогултууга жайыт комитетине айылдык кеңештин депутаттары жана айыл ѳкмѳтүнүн кызматкерлери кѳмѳктѳшсүн.
Төрага: | Ф.К.Токушев |