Загрузка документа…
ЖЕРГЕТАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 12-сентябрындагы № 33
Кызылтуу айылындагы “Наристе” балдар бакчасына балдар ойнооочу комплекс куруу долбоору жөнүндө
Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысынын Кызылтуу айылындагы “Наристе” балдар бакчасына балдар ойноочу комплекс куруу жөнүндөгү долбоорун угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Жергетал айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кызылтуу айылындагы “Наристе” балдар бакчасына балдар ойнооочу комплекс куруу жөнүндөгү долбоор жактырылсын.
2. Кызылтуу айылындагы “Наристе” балдар бакчасына балдар ойноочу комплекс куруу жөнүндөгү долбоорго керектүү акча каражаты Талас райондук өнүүгү фондусунан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сакеевке жүктөлсүн.
Төрага: | Ж.Молдояров |