Загрузка документа…
ЖЕРГЕТАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 12-октябрындагы № 34
“Көк Кашат айылындагы Тараз-Талас-Бишкек Эл аралык авто жолуна элдердин коопсуздугу үчүн транспорт каражаттарын жайлатуучу жол тосмо орнотуу жөнүндө”
Депутаттардын Жергетал айылдык кенеши күн тартибиндеги Жергетал айыл аймагына караштуу Көк Кашат айылындагы Тараз-Талас-Бишкек Эл аралык авто жолуна транспорт каражаттарын жайлатуучу жол тосмо орнотуу жана айыл тургундаранан коопсуздугун сактоо жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып, депутаттардын Жергетал айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жергетал айыл аймагына караштуу Көк Кашат айылындагы Тараз-Талас-Бишкек Эл аралык авто жолуна калктын коопсуздугун сактоо максатында транспорт каражаттарын жайлатуучу жол тосмо (лежачий полицейский) орнотулсун.
2. Талас облусутук ИИБ жана тиешелүү мекеме уюмдун башчыларынан уруксат берүү иш кагаздары суралсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сакеевке жүктөлсүн.
Төрага: | Ж.Молдояров |