Загрузка документа…
ЖЕРГЕТАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 12-отябрындагы № 35
Акча каражатын статьядан статьяга жылдыруу жөнүндө
Депутаттардын Жергетал айылдык кеңешинин 8-чакырылышын кезектеги сессиясы Жергетал айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бекитилген бюджетинин 9 айга аткарылышын карап чыгып жана подоход салыгынан жана башка ашык аткарылган салыктын түрлөрүнөн түшкөн 498,0 сом ашык акча каражатын бөлөк статьяларга жылдыруу максатында Жергетал айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кызылтуу айылындагы Наристе балдар бакчасынын сантехникалык оңдоо иштерине 2221 статьясына - 50,0 мин сом, чарба бумдары алуу үчүн 2222-статьясына 50,0 мин сом жана күнүмдүк керектелүүчү тамак ашы үчүн 2218 статьясына 98,0 мин сом акча каражаттары жылдырылып берилсин.
2. Байсейит уулу Эшманбет орто мектебинин ашканасынын ток менен иштөөчү плитаны алмаштуруу, вакумдук суу соргучту алмаштыруу үчүн 20,0 мин сом жана мектептин жылытуу системсын ондоодон өткөрүү үчүн 20,0 мин сом акча каражаттары 2221 жылдырылып берилсин.
3. Көк Кашат айылындагы “Таза суу” долбоору ишке ашып жаткандыктан анын долбоору үчүн, цемент мамыларды орнотуу үчүн уруксат кагаздарын алууга 150,0 мин сом жана спорт залдын электр зымдарын алмаштыруу үчүн 30,0 мин сом акча каражаттары 2215 статьясына жылдырылып берилсин.
4. Жергетал айыл аймагында өтүүчү социалдык-маданий иш-чаралар үчүн 50,0 мин сом акча каражаты 2215 статьясына жылдырылып берилсин.
5. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы Жергетал айы өкмөтүнүн башчысы Т.Сакеевке жүктөлсүн.
Төрага: | Ж.Молдояров |