Загрузка документа…
ЖЕРГЕТАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 28-ноябрындагы № 37
“Кызылтуу айылындагы маданият үйүн толук капиталдык оңдоодон өткөрүү долбоору жөнүндө”
Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысынын Кызылтуу айылындагы маданият үйүн толук капиталдык оңдоодон өткөрүү, жылытуу системасын киргизүү жана жаңы отургучтар менен камсыз кылуу жөнүндөгү долбоорун угуп жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Жергетал айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кызылтуу айылындагы маданият үйүн толук капиталдык оңдоодон өткөрүү, жылытуу системасын киргизүү жана жаңы отургучтар менен камсыз кылуу жөнүндөгү долбоор жактырылсын.
2. Кызылтуу айылындагы маданият үйүн толук капиталдык оңдоодон өткөрүү, жылытуу системасын киргизүү жана жаңы отургучтар менен камсыз кылуу жөнүндөгү долбоорго керектүү акча каражаты Талас райондук өнүүгү фондусунан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сакеевке жүктөлсүн.
Төрага: | Ж.Молдояров |