Загрузка документа…
1-тиркеме
БЕКИТИЛДИ
Сары-Булак айыл аймагынын
айылдык Кенешинин
2023-жылдын 6-октябрындагы
№4/18 токтому менен кабыл
алынды
Укук бузуулар жөнүндо ишти караган комиссиялар жөнүндө
1. Жалпы жоболор
1. Укук бузуулар жөнүндө ишти караган комиссиялар жөнүндө ушул Жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине (мындан ары Кодекс) ылайык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын комиссияларынын (мындан ары Комиссия) түзүүнүн жана ишинин бирдиктүү тартибин аныктайт.
2. Комиссиянын милдеттери болуп төмөнкүлөр санаалат:
- укук бузуулар жөнүндө кароого келип түшкон ар бир иштин жагдайын өз убагында, ар тараптуу, толук жана объективдүү аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын акыркы мыйзамдарына ылайык укук бузуулар жөнүндө ишти так чечүү;
- чыгарылган чечимдин аткарылышын контролдоо, ошондой эле укук бузууларды жашоого өбөлгө түзгөн себептерди жана шарттарды аныктоо.
3. Комиссия туруктуу иштөөчү коллегиялдуу орган болуп саналат, аны сандык жана жеке курамы ыйгарым укуктуу органдын чечими менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жергиликтүү кеңештердин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия алардын иши мыйзамдуулуктун, мыйзам алдындагы теңдиктин, кунөөсүздүктүн презумпцияларынын, бузуу үчүн жоопкерчиликтин сөзсүз боло тургандыгын, адилеттүүлүктүн, жазаларды жекелештирүүнүн жана гуманизмдин принциптерине негизделет.
5. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. Комиссиянын ишин түзүүнүн жана Токтотуунун тартиби
6. Ыйгарым укуктуу органдар ѳздѳрүнүн чечимдери менен укук бузуулар жѳнүндѳ протоколдорду түзүүгө жана Токтомдорду чыгарууга, Кодекстер каралган учурларда жана аларды колдонууга ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт жана укук бузуулар жөнүндө ишти карап, комиссиянын ишин карап түзөт.
7. Комиссиялар өздөрүнүн ишкердик жеке жана моралдык сапаттары, ден-соолугунун абалы боюнча комиссияларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын акыркы мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын (кызматкерлеринин) ичинен түзөт.
8. Комиссия 3 төн 9 адамга чейин так санда түзүлөт анын курамына Комиссиянын төрагасы, мүчөлөрү, катчысы кирет жана төмөнкүлөрдөн түзүлөт:
- бөлүмдөрүнүн жетекчилери же алардын орун басарлары,
- ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери (кызматчылары).
9. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
- муниципалдык кызматчылар;
- аймактык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).
10. Төмөнкү адам комиссия мүчөсү боло албайт:
- ага карата кылмыш-жаза куугунтуктоосу (кылмыш-жаза иши) реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулган, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган;
- ден соолугунун абалы медициналык корутундуга ылайык Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган;
11. Комиссиянын ыйгарым укуктары - ыйгарым укуктуу орган, жергиликтүү кеңеш тарабынан Комиссияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып башталат жана Комиссиянын жаңы курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.
12. Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары ыйгарым укуктуу орган, жергиликтүү кенеш тарабынан төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
- Комиссиянын мүчөсү кызматчы өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде;
- Комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
- соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими боюнча Комиссиянын мүчөсү болуп саналган адам аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген, дайынсыз жок болгон же каза болду деп таанылганда;
- Комиссиянын мүчөсүнүн өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылган ден-соолугунун абалы жөнүндө медициналык корутундусу болгондо;
- Комиссиянын мүчөсү болуп саналган адам тарабынан мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын этикасын бузган жосун жасаганда;
- Комиссиянын мүчөсү каза болгондо;
- Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого чыгып кеткенде;
- Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, ал Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын кабыл алганда;
- мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жоюлганда;
- Комиссиянын мүчөсү болуп саналган кызматчы бошотулганда, ротацияланганда (которуу же ордунан жылдыруу).
13. Комиссиянын жаңы мүчөсү Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен бекитилет.
14. Комиссиянын ыйгарым укуктары, Комиссия өз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда ыйгарым укуктуу орган, жергиликтүү кеңеш тарабынан токтотулушу мүмкүн.
15. Комиссиянын жаңы курамы Комиссиянын мурунку курамынын ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен түзүлөт.
16. Укук бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүндө турган Комиссиянын мүчөсү, эгерде ал төмөнкүдей болгон учурларда аны карай албайт:
- укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын же жабырлануучунун, алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, жактоочунун же өкүлүнүн тууганы болсо;
- иштин чечилишине жеке, түз же кыйыр түрдө кызыкдар болсо.
Жогоруда көрсөтүлгөн учурлар Комиссиянын төрагасынын жана мүчөсүнүн тартуусу үчүн негиз болуп саналат.
3. Комиссиянын ишинин тартиби
17. Комиссиянын ыйгарым укуктары Кодекске ылайык аныкталат.
18. Комиссия милдеттерди ишке ашырууда төмөнкүлөрге укуктуу:
- каралып жаткан иш боюнча зарыл болгон документтерди тараптардан талап кылууга;
- зарыл документтер берилгенге чейин же аларды кошумча изилдөө үчүн чечим кабыл алууну кийинкиге калтырууга;
- өтүнмө ээсинин катышуусунда маселелерди кароого;
- ишти ар тараптуу кароо үчүн адистерди тартууга,
- берилген маалыматтарды ырастоо үчүн тиешелүү уюмдардан жана мамлекеттик органдардан зарыл документтерди суроого.
19. Комиссия укук бузуулар жөнүндө иштерди жана ага тиркелген материалдарды жыйналыштарда карайт. Комиссиянын жыйналыштары зарылдыгына жараша (материалдардын келип түшкөндүгүнө жараша) өткөрүлөт. Комиссиянын жыйналыштарынын мезгилдүүлүгү укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүнүн сакталышын камсыз кылууга тийиш.
20. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча чечимдерди кабыл алуу, жыйналышка катышкан Комиссиянын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен жүзөгө ашырылат. Комиссиянын жыйналышы, эгерде ага Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинин ашыгы катышса, өттү деп эсептелет. Ошол эле учурда Комиссиянын төрагасынын чечими боюнча жыйналыштарда аудио жана/же видео жазуулар жүргүзүлүшү мүмкүн.
21. Добуш берүүдө Комиссиянын ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Добуш берүү ачык жүргүзүлөт. Комиссиянын чечимин сырттан добуш берүү менен кабыл алууга жол берилбейт.
22. Комиссиянын катчысы чечимдерди кабыл алууда добуш берүүгө укугу жок.
23. Чечимди кабыл алуу жөнүндө добуш берүүдө добуштардын саны бирдей болгон учурда Комиссиянын төрагасы же төраганын милдеттерин аткаруучу чечүүчү добушка ээ.
24. Комиссия укук бузуулар жөнүндө иштерди Кодекстин 535-беренесинде аныкталган мөөнөттөрдү сактоо менен карайт.
25. Укук бузуулар жөнүндө иштер, иштин материалдары Комиссияга келип түшкөн күндөн тартып он жумушчу күндүк мөөнөттө каралат.
26. Укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган жеке жак, укук бузуулар жөнүндө ишти кароого жеке өзү катышат, ал эми юридикалык жак Кодексте каралган учурларды кошпогондо, өкүлү аркылуу катышат.
27. Эгерде ишти кароонун орду жана убактысы жөнүндө талаптагыдай кабарланган шартта, иш каралып жаткан жерге ал эки жолудан ашык келбесе, укук бузуулар жөнүндө иш үчүн жоопкерчиликке тартылган адам же анын мыйзамдуу өкүлү, жактоочусу жок каралышы мүмкүн.
28. Комиссия укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларынан өтүнүчтөр келип түшкөн учурда же иш боюнча жагдайларды кошумча тактоо зарыл болгондо ишти кароону он жумушчу күндөн ашпаган мөөнөткө узарта алат.
29. Комиссия каралып жаткан иште, укук бузуунун башка белгилерин аныктаган учурда укук бузуулар жөнүндө иш Кодекстин 506-беренесине ылайык каралат.
30. Каралып жаткан иште Комиссия тарабынан кылмыштын белгилери аныкталса, укук бузуулар жөнүндө иш Кодекстин 516-беренесине ылайык андан ары кароо үчүн прокурорго же ведомствого караштуулугу боюнча тергөө органына өткөрүп берилет.
31. Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо убагында Кодекстин 538-беренесине ылайык комиссиянын жыйналышынын протоколу жүргүзүлөт.
32. Комиссиянын жыйналышынын протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- Комиссиянын жыйналышынын датасы жана орду;
- Комиссиянын курамы;
- кандай иш каралып жаткандыгы;
- ишти кароого катышкан адамдардын келгендиги жөнүндө маалыматтар;
- баш тартуулар, өтүнүчтөр жана аларды кароонун натыйжалары;
- ишти кароого катышкан тиешелүү адамдардын түшүнүктөрү, көрсөтмөлөрү, түшүндүрмөлөрү жана корутундулары;
- ишти кароодо изилденген документтер.
33. Протоколго Комиссиянын төрагасы жана Комиссиянын жыйналышынын катчысы кол коет.
34. Комиссия тарабынан кабыл алынган документтер Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобого ылайык таризделет.
35. Укук бузуулар жөнүндө ишти кароого даярдоодо Комиссия төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алат:
1) Ишти кароонун убактысын жана ордун дайындоо жөнүндө;
2) Адамдарды чакыруу, иш боюнча зарыл болгон кошумча материалдарды талап кылуу, экспертиза дайындоо жөнүндө;
3) Ишти кароону кийинкиге жылдыруу жөнүндө;
4) ыйгарым укук берилбеген адамдар тарабынан протокол түзүлгөн жана иштин башка материалдары таризделген, туура эмес протокол түзүлгөн/токтом чыгарылган жана иштин башка материалдары таризделген же болбосо ишти кароодо ордун толтуруу мүмкүн болбогон, берилген материалдар толук эмес болгон учурларда укук бузуулар жөнүндө протоколду жана иштин башка материалдарын ыйгарым укуктуу протоколду/токтомду түзгөн кызмат адамына кайтарып берүү жөнүндө;
5) эгерде бул ишти кароо анын компетенциясына кирбесе, укук бузуулар жөнүндө протоколду/токтомду жана иштин башка материалдарын ведомствого караштуулугу боюнча үч жумушчу күндүн ичинде кароо үчүн өткөрүп берүү жөнүндө;
6) Кодекстин 532-беренесинде каралган учурларда ыйгарым укуктуу органдын өкүлүн четтетүү жөнүндө;
7) Кодекстин 508-беренесинде каралган жагдайлар болгондо укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү токтотуп туруу жөнүндө;
8) Кодекстин 510-беренесинде каралган жагдайлар болгондо өндүрүштү кыскартуу жөнүндө;
36. Ушул Жобонун 35-пунктунун 1-6-пунктчаларында каралган чечимдер аныктама түрүндө чыгарылат.
37. Ушул Жобонун 35-пунктунун 7-8-пунктчаларында каралган чечимдер токтом түрүндө чыгарылат.
38. Комиссия укук бузуулар жөнүндө ишти карап чыгып, төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:
- өндүрүп алуу жөнүндө токтом;
- иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө токтом;
- туум кошуп эсептөө жөнүндө токтом.
39. Ыйгарым укуктуу органдын чечимдери Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалыматтык системасына (АМС) киргизилет.
40. Токтом ишти кароо аяктагандан кийин токтоосуз жарыяланат. Токтомдун көчүрмөсү үч күндүн ичинде ага карата чыгарылган адамга, ошондой эле жабырлануучуга тапшырылат же жөнөтүлөт, же болбосо почта же башка байланыш каражаттары аркылуу көрсөтүлгөн дарек боюнча жөнөтүлөт. Токтомдун көчүрмөсү тил кат аркылуу тапшырылат. Эгерде токтомдун көчүрмөсү жөнөтүлсө, ишке тиешелүү жазуу жаздырылат.
41. Комиссия туум кошуп эсептөө жөнүндө токтомду чыгарган учурда аны Кодекстин 568-беренесинин талаптарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сот аткаруучусуна жөнөтөт.
42. Комиссиянын укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтому райондук (шаардык) сотко даттанылышы мүмкүн.
4. Комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
43. Комиссиянын ишин Комиссиянын төрагасы уюштурат.
44. Комиссиянын мүчөлөрү укук бузуулар жөнүндө иштерди кароодо бирдей укуктарга ээ.
45. Комиссиянын мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Комиссия тарабынан каралып жаткан укук бузуулар жөнүндө иштин материалдары менен таанышууга;
- укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча далилдерди изилдөөгө жана баалоого катышууга;
- Комиссиянын чечимдерин чыгарууда талкуулоого жана добуш берүүгө катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексинин жоболорун сактоого;
- укук бузуулар жөнүндө ишти кароонун протоколуна кол коюуга.
46. Комиссиянын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- укук бузуулар жөнүндө ишти кароого катышкан адамдарга суроолорду берүүгө;
- укук бузуулар жөнүндө иш боюнча кабыл алынган жана чыгарылган чечимдер боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- ушул Жобого жана Кодекске ылайык ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
Комиссиянын мүчөсү жүйөлүү себептер боюнча жок болгон учурда анын милдеттерин негизги функциялык милдеттерине ылайык аны алмаштырган адамдар аткарат.
47. Комиссиянын төрагасы Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерин аткаруудан тышкары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Комиссиянын ишин пландоого, уюштурууга жана жетектөөнү жүзөгө ашырууга;
- Комиссиянын жыйналыштарына төрагалык кылууга;
- Комиссиянын жыйналыштарынын күн тартибин бекитүүгө;
- Комиссия чыгарган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго), Комиссиянын жыйналыштарынын протоколдоруна, ошондой эле
- Комиссиянын ишине тиешелүү башка документтерге кол коюуга;
- Комиссиянын ишине контролду жүзөгө ашырууга.
48. Комиссиянын төрагасы төмөнкүлөргө укуктуу:
- өз компетенциясынын чегинде Комиссиянын атынан (ишеним катсыз) иш алып барууга жана мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен өз ара аракеттенип, анын кызыкчылыктарын билдирүүгө;
- Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдордун, аныктамалардын аткарылышы үчүн контролду жүзөгө ашырууга;
- Комиссиянын ыйгарым укуктарына тиешелүү маселелер боюнча тапшырмаларды берүүгө;
- ушул Жобого жана Кодекске ылайык ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга;
- Комиссиянын төрагасы жүйөлүү себептер боюнча жок болгон учурда анын милдеттерин негизги функциялык милдеттерине ылайык аны алмаштырган адам аткарат.
49. Комиссиянын катчысы:
- укук бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын жыйналышында кароого даярдоону уюштурат;
- өз ишин Комиссиянын төрагасынын жетекчилиги алдында жүзөгө ашырат;
- Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
- Кодекстин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык Комиссия тарабынан чыгарылуучу жана кабыл алынуучу укук бузуулар жөнүнде протоколдорду, токтомдорду жана аныктамаларды даярдоону жана тариздөөнү камсыз кылат;
- Комиссиянын мүчөлөрүнө жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүшкө катышкан адамдарга иштерди кароонун убактысы жана орду жөнүндө белгиленген тартипте билдирет, аларды Комиссиянын кароосуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат;
- Комиссия тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун протоколун жүргүзөт жана ага кол коет;
- Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдордун, аныктамалардын көчүрмөлөрүн белгиленген мөөнөттөрдө тиешелүү жактарга берүүнү же жөнөтүүнү камсыз кылат;
- Кодекстин 55-беренесине ылайык укук бузуулар жөнүндө иштерди Комиссия тарабынан кароонун натыйжалары жөнүндө тийиштүү маалыматтарды Укук бузуулардын бирдиктүү реестрине киргизет, Комиссиянын иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана алардын сакталышын камсыз кылат;
- Комиссиянын ишине байланышкан статистикалык отчеттуулукту жана маалыматтык-маалымдама иштерин жүргүзөт;
- башка милдеттерди ушул Жобого жана Кодекске ылайык аткарат.
Комиссиянын катчысы жүйөлүү себептер боюнча жок болгон учурда анын милдеттерин негизги функциялык милдеттерине ылайык аны алмаштырган адам аткарат.
50. Комиссиянын төрагасы, мүчөлөрү жана катчысы укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого катышууга төмөнкү учурларда укуксуз, эгерде алар:
- укук бузуу үчүн жоопко тартылган адамдын, жабырлануучунун, анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, жактоочунун, өкүлдүн, адвокаттын, ошондой эле күбөнүн, эксперттин, адистин, котормочунун туугандары болсо;
- укук бузуулар жөнүндө иштин чечилишине жеке, түздөн-түз же кыйыр түрдө кызыкдар болсо.
5. Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү
51. Иш кагаздарын жүргүзүүгө жалпы жетекчиликти Комиссиянын төрагасы жүзөгө ашырат, ал анын абалы үчүн жоопкерчилик тартат.
52. Эсепке алуу журналынын сакталышы, жазуулардын өз убагында киргизилиши жана аларда камтылган маалыматтардын аныктыгы үчүн Комиссиянын катчысы жоопкерчилик тартат.
53. Укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларына зарыл документтерди жөнөтүүнү Комиссиянын катчысы жүргүзөт.
54. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча кабарламалар ишти кароого белгиленген датадан кийинки күндөн кечиктирбестен жөнөтүлүүгө тийиш. Жөнөтүлгөн кабарлама дарек ээсине жеткирилбеген учурда Комиссиянын катчысы анын жеткирилбей калган себептерин дароо аныктап, бул жөнүндө Комиссиянын төрагасына билдирүүгө жана анын көрсөтмөсү боюнча Кодекстин талаптарына ылайык кабарламаны берүүнү камсыз кылуучу чараларды көрүүгө милдеттүү.
55. Комиссиянын катчысы тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди хронологиялык тартипте жалпылоо камсыз кылынат:
- укук бузуулар жөнүндө протокол жана иш боюнча башка материалдар;
- жыйналыштын жүрүшүндө келип түшүү тартибинде ишке тиркелген документтер;
- Комиссиянын төрагасы жана Комиссиянын жыйналышынын катчысы кол койгон укук бузуулар жөнүндө ишти кароонун протоколу;
- Комиссиянын жыйналышында ишти кароонун жыйынтыгы боюнча чыгарылган аныктамалар, токтомдор, документтер делого алардын тексти толугу менен көрүнүп тургандай көктөлөт.
56. Комиссия караган укук бузуулар жөнүндө иштер катталууга тийиш. Укук бузуулар жөнүндө иштин номери каттоо журналы боюнча иштин катар номерин жана келип түшкөн жылын камтыйт.
57. Укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүчү ыйгарым укуктуу кызмат адамдары укук бузуулар жөнүндө каралган иштер боюнча маалыматтарды Комиссия менен кварталына бир жолудан кем эмес салыштырып текшерет.
58. Комиссия төмөнкүдөй эсепке алуу журналдарын жүргүзөт:
- укук бузуулар жөнүндө иштерди эсепке алуу журналы (1-тиркеме);
- укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылуучу адамдарга жиберилген кабарламаларды эсепке алуу журналы (2-тиркеме).
59. Журналдар номерленип, көктөлүп, мөөр менен бекитилүүгө тийиш, эсепке алуу журналындагы жазуулар көк же кызгылт көк түстөгү сыя (паста) менен түшүнүктүү жазылат.
60. Журналдарды сактоо мөөнөтү 3 жыл. Укук бузуулар жөнүндө иштерди сактоо 5 жыл. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин алар тизме боюнча архивге тапшырылат.
61. Эсепке алуу журналы ички колдонуудагы документтер болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, Комиссиянын төрагасынын уруксатысыз уюмдарга, жеке же кызмат адамдарына өткөрүлүп берилиши мүмкүн эмес.
6. Корутунду жоболор
62. Комиссиянын ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу тиешелүү органдын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Тѳрага: | А. Зарылбек уулу |
Укук бузуулар жөнүндө
иштерди караган
комиссиялар
жөнүндө жобого
1-тиркеме
Тѳрага: | А. Зарылбек уулу |
Укук бузуулар жөнүндө
иштерди караган
комиссиялар
жөнүндө жобого
2-тиркеме
Тѳрага: | А. Зарылбек уулу |