Загрузка документа…
CАРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз IV сессиясынын
2023-жылдын 06-октябры № 4/19
АРИСтин «Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагындагы кошумча каржылоо (COVID-19га жооп кайтаруу боюнча)»-КК АИД-3 долбоорундагы Ири долбоорлор жөнүндө
КК АИД-3түн алкагында айылдык аймагында жүргүзүлгөн долбоордук иш-чаралар жөнүндө жана ири долбоор тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын жана сунушун угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренесин жетекчиликке алуу менен, Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүндө АРИС тарабынан колдоого алынган долбоордун тизмеси жана каржылоо булактары менен керектелген акча каражаттын суммасы төмөндөгү таблицага ылайык бекитилсин:
№ | Долбоордун аталышы | Жалпы бюджет | Грант АРИС | Өздүк салым АӨ |
1 | Шамен атындагы орто мектебине ашкана үчүн кошумча корпус куруу (Сары-Булак айылы) | 175 000 | 2 175 000 | - |
2. АРИСтин АИД-3 КК долбоорунун алкагында фокус группалардан чыккан укуксуз деп табылган көйгөйлөр жана таблицада көрсөтүлгөн долбоор Сары-Булак айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү планына жана 2023-жылдын инвестициялык планына киргизилсин.
3. Таблицада көрсөтүлгөн объектинин техникалык тейлөөсүнө жана пайдаланууга жергиликтүү бюджеттен чыгымдар каралсын.
4. Бул токтомдогу ири долбоорго тиешелүү иш-кагаздарды АРИСке өз убагында берүү жагы Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбаевге тапшырылсын.
5. 5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | А. Зарылбек уулу |