Загрузка документа…
CАРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз IV сессиясынын
2023-жылдын 06-октябры № 4/20
Бош калган каражаттан кичи футболдук аянтчага өздүк салым үчүн каралган акча каражатын кайра бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин
2-бөлүгүнө жана Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламентинин
2-бөлүмүнүн 2-бөлүмчөсүнө ылайык айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Э. Сулаймановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетин аткарууда 01.01.2023-жылга карата бош калган каражаттан каралган 2214 беренесиндеги 60,0 сомду, 3111 беренесиндеги 650,0 сомду, бюджеттен каралган 2221 беренесиндеги 20,0 сом акча каражаттары кайра төмөндөгүдөй бөлүнүштө бекитилсин.
| 2214 | 2215 | 2221 | 2222 | 2224 | 3111 |
|
Аппарат | -60,0 | +400,0 | -20,0 |
| +2,0 | -650,0 | 350,0 Пресс-подборщикке тетиктерди алуу, 50,0 смета жасатууга |
Мектеп |
|
|
| +160,0 | +14,8 | +150,0 | Шамен мектебине 150,0 өздүк салым, Үсөн Бейшеев орто мектебине 160,0 стендке |
Китеп-кана |
|
|
|
| +1,2 |
| Көмүр үчүн |
Бала бакча |
|
|
|
| +2,0 |
| Көмүр үчүн |
2. Бош калган акча каражатты төмөндөгүдөй каржылап берүү жагы КР Финансы министрлигинин Кочкор башкармалыгынан суралсын.
3. Бул каражаттардын максаттуу чыгымдалышын Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбаевге жана финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Э. Сулаймановго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | А. Зарылбек уулу |