Загрузка документа…
CАРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз IV сессиясынын
2023-жылдын 06-октябры № 4/21
Жергиликтүү бюджеттен ар кандай чыгымдар үчүн каралган акча каражатын кайра бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин
2-бөлүгүнө жана Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламентинин
2-бөлүмүнүн 2-бөлүмчөсүнө ылайык айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Э. Сулаймановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн Төлөк айылына 01.01.2023-жылга карата бюджеттен каралган 2215 беренесиндеги 1 703 475 (бир миллион жети жүз үч миң төрт жүз жетимиш беш) сом акча каражаты Сон-Көл, Кашка-Суу жайыт жайлоолорунун тегерегин тосуу үчүн жумшалсын.
2. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен өзгөчө кырдаалга каралган акча каражатынан 40,0 (кырк миң) сом акча каражаты Төлөк айылындагы ден соолук комитетине бөлүнсүн.
3. Бул каражаттардын максаттуу чыгымдалышын Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбаевге жана финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Э. Сулаймановго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | А. Зарылбек уулу |