Загрузка документа…
2023-жылдын 06-июнунудагы № 192
Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине Кызыл-Суу айылындагы Комсомольский көчөсүнүн №79 дарегинде жайгашкан №36 өрткө каршы бөлүгүнүн эски, авариялык абалда турган имаратын 0,13 га жери менен кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 6-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин 2023-жылдын 29-мартындагы №15-01/350 катынын негизинде айыл аймактын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин балансасында турган Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине Кызыл-Суу айылындагы Комсомольский көчөсүнүн №79 дарегинде жайгашкан №36 өрткө каршы бөлүгүнүн эски, авариялык абалда турган имаратын 0,13 га жери менен кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Мүлктөрдү кабыл алууда тиешелүү иш кагаздарды даярдап жана мыйзам талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эшмамбетовго тапшырылсын.
3. Кабыл алынган токтомдун ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик ресстирине киргизүү жана сайттарга жарыяланышын камсыз кылып, иш алып баруу айылдык кенешинин жоопту катчысы А.Ташбаевага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эшмамбетовго тапшырылсын.
Айылдык кенештин төрайымы | Г. Чыныбаева |