Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Суу айылдык кенешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз 22-сессиясынын
2023-жылдын 06-июнунудагы № 187
Кызыл-Суу айылдык Кенешинин ХХVIII чакырылышынын 2023-жылдын 11-апрель айындагы кезектеги 21- сессиясынын №178 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Кызыл-Суу айылдык Кенешинин ХХVIII чакырылышынын 2023-жылдын 11-апрель айындагы кезектеги 21-сессиясынын №178 токтомун жокко чыгаруу жөнүндөгү айылдык кенештин төрайымынын жана көпчүлүк депутаттарынын сунуштарын карап чыгып, талкуулар айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Кабыл алынган токтомдун мааниси нормативдик талаптарга шайкеш келбегендиктен Кызыл-Суу айылдык Кенешинин ХХVIII чакырылышынын 2023-жылдын 11-апрель айындагы кезектеги 21-сессиясынын №178 токтомун жокко чыгаруу жөнүндөгү айылдык кенештин төрайымынын жана көпчүлүк депутаттарынын сунуштары эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынчы башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамынын 39-беренесинин 5 пунктуна ылайык, 2023-жылдын 11-апрель айындагы кезектеги 21-сессиясынын №178 токтомун жокко чыгарылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин жоопту катчысы А.Ташбаевага милдетендирилсин.
Айылдык кенештин төрайымы | Г. Чыныбаева |